Кыргызстанда жылуу жана жаан-чачын жок: 14-сентябрга күтүлгөн аба ырайы

Шаршемби, 14-сентябрдагы аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүз Кыргызстандын бардык аймактарында жылуу жана ачык аба ырайы сакталып, абанын орточо температурасы +28…+30° жогору болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аймактар ​​боюнча абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24

Баткен облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+29

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +28…+32

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +26…+28

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 24…26° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу аба ырайын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий