Кыргызстанда жаан жаайт: 7-ноябрга карата аба ырайы

Дүйшөмбү, 7-ноябрга карата аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +10…+15

Баткен облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +10…+15

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 1…3, күндүзгү жогорку температурасы 15…17.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 3…5, күндүзгү жогорку температурасы 11…13.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий