Кыргызстанда жаан жаайт: 25-майга карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 25-майда, бейшемби күнү Кыргызстандын айрым жерлеринде кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу жолдордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25

Баткен облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +23…+28

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 8…10, күндүзгү жогорку температурасы 21…23.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 6…8, күндүзгү жогорку температурасы 12…14.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий