Кыргызгидромет билдиргендей, 19-майда, жума күнү күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.
Бийик тоолуу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +21…+26
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +18…+23
Баткен облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +20…+25
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24
Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 10…12, күндүзгү жогорку температурасы 24…26°.
Чолпон-Ата шаарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 19…21° жылуу болот.
Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.