Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт, айрым жерлерде жаан жаап, жолдорго муз тоңот: 17-ноябрга карата аба ырайы

 

Кыргызгидромет бейшемби, 17-ноябрга карата аба ырайы тууралуу билдирди.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Нарын, Ысык-Көл облустарында айрым жерлерде жаан жаап, карга айланышы, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 8-12 метрге чейин жетет. Абанын температурасы төмөндөп жатат.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз -1…+4

Талас облусунда түнкүсүн -6…-1, күндүз 0…7

Баткен облусунда түнкүсүн 1…5, күндүз 4…10

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…4, күндүз 4…10

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -7…-1, күндүз 2…6

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз 1…5.

Бишкек шаарында күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +4°Сге чейин көтөрүлүп, чыгыш шамалы 3м/с. Түнкүсүн термометрдин көрсөткүчү -6°Сге чейин төмөндөп, аба ырайынын булуттуу болушу күтүлөт, айрым жерлерде кар жаап, түштүк-чыгыштан шамалдын ылдамдыгы секундасына 2 метрге жетет.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6°C, күндүзгү жогорку температурасы 1…5°C жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий