Кыргызстанда жаан-чачын болбойт: 27-февралга карата аба ырайы


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/02/speech-86708-1677479978-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызгидрометтин 27-февралдагы маалыматына караганда, дүйшөмбү күнү түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачынсыз. Чүй, Ош облустарында түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу автожолдордо кар күрткүсү, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10

Талас облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз +4…+9

Баткен облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +8…+13

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3, күндүзгү жогорку температурасы 7…+9.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5, күндүзгү жогорку температурасы +5…+7.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий