Кыргызстанда жаан-чачын болбойт: 14-ноябрга карата аба ырайы

Дүйшөмбү, 14-ноябрга карата аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кыргызгидромет билдиргендей, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +7…+12

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +8…+13

Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +8…+13

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +5…+10

Нарын облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4°, күндүзгү жогорку температурасы 8…+10° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 8…+10° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий