Кыргызстанда жаан-чачын болбойт: 13-сентябрга карата аба ырайы

Шейшемби, 13-сентябрдагы аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык зонасында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн +5…+10

күндүз +19…+24

Талас облусу

түнкүсүн +1…+6

күндүз +18…+23

Баткен облусу

түнкүсүн +10…+15

күндүз +26…+31

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +10…+15

күндүз +26…+31

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +6…+11

күндүз +20…+25

Нарын облусу

түнкүсүн +3…+8

күндүз +21…+26

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.ээ

Добавить комментарий