Кыргызстанда үшүк, жаан, кар жаайт: 8-ноябрга карата аба ырайы

Кыргызгидромет шейшемби, 8-ноябрга карата аба ырайы тууралуу билдирди.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +3…+8

Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 0…+5

Баткен облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +3…+8

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +3…+8

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз +5…+10

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5

Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 2…4, күндүзгү жогорку температурасы 5…7.

Чолпон-Атада түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 2…4, күндүзгү жогорку температурасы 7…9.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий