Кыргызстанда катуу суук күтүлөт: аба ырайы божомолу

Синоптиктер жакынкы күндөрү Кыргызстанда катуу суук болорун айтышууда.

12-февралда күндүз жана 13-15-февралда өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

12-февралда күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

14-февралда күндүз жана 15-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы, Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын жаашы күтүлөт.

13-февралда, 14-февралда түнкүсүн, 15-февралда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен кар жаайт.

Жолдор кар жана муз. Кээ бир жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

15-18-февралда абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -7…12, күндүз -2…-7° суук,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16°, күндүз -2…-7° суук,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -3° сууктан -8°ка чейин, күндүз -3° сууктан 2°ка чейин суук болот.

Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10…15°, күндүз -2°…-7° суук,

Нарын облусунун дыйканчылык зонасында түнкүсүн -17…-22°, күндүз -5°…-10° чейин,

тоо этектеринде түнкүсүн -10…-15°, күндүз -2°…-7° суук,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23°, күндүз -9°…-14° чейин,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28…-33°, күндүз -11…-16°ка чейин үшүк жүрөт.

Мындай туруксуз аба ырайы унаа, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Добавить комментарий