Кыргызстанда кар жаайт: 21-ноябрга карата аба ырайы

 

Дүйшөмбү, 21-ноябрга карата аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9

Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +7…+12

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +2…+7

Нарын облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -3…+2.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, эртең менен жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүзгү жогорку температурасы 8…10° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 0…2°, күндүзгү жогорку температурасы 5…7° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий