Кыргызстанда күндүз жаан жаайт: 20-сентябрдагы аба ырайы

 

Шейшемби, 20-сентябрдагы аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда түнкүсүн айрым жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, Талас, Баткен облустарынын дыйканчылык зонасында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +25…+30

Баткен облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +28…+33

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +23…+28.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 15…17°, күндүзгү жогорку температурасы 30…32° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайынын маалыматын берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий