Кыргызгидрометтин 16-марттагы маалыматына ылайык, бейшемби күнү эртең менен жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында Ош облусунун айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +7…+12
Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +7…+12
Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +13…+18
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +13…+18
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12
Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8
Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 4…6, күндүзгү жогорку температурасы 8…10.
Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүзгү жогорку температурасы +8…+10.
Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.