Кыргызстанда күндүз айрым жерлерде жаан жаайт: 9-мартка карата аба ырайы


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/03/speech-87408-1678331710-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызгидромет билдиргендей, 9-мартта, бейшемби күнү күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жолдордо муз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, эртең менен Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +11…+16

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +11…+16

Баткен облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14

Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 3…5, күндүзгү жогорку температурасы 13…15.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 1…3, күндүзгү жогорку температурасы 9…11.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий