Кыргызстанда күндүз +20 жана андан жогору: 10-мартка карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 10-мартта, жума күнү жаан-чачын болбойт. Тоолуу жолдордо муз. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +16…+21

Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +19…+24

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +9…+14

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 9…+11° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий