Кыргызгидромет билдиргендей, 14-мартта шейшемби күнү жаан-чачын болбойт. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +13…+18
Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +11…+16
Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +17…+22
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +11…+16
Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 16…18° жылуу болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 0…+2°, күндүзгү жогорку температурасы 11…+13° жылуу болот.
Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы боюнча маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.