Кыргызстанда күн жылуу, жаан-чачын болбойт, өзгөрүлмө шамал болот: 24-мартка карата аба ырайы


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/03/speech-88383-1679628245-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-мартта, жума күнү, күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр.

Жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана Төө-Ашуу, Чоң-Ашуу, Сөөк ашуулары, Кара-Гоо ашууларында кар көчкүлөр, кар күрткүсү жана муз көрүнүштөрү күтүлөт.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20

Талас облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20

Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18

Нарын облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +9…+14

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метр. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 4…6°, күндүзгү жогорку температурасы 18…20° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 13…15° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий