Кыргызстанда күн жылуу, кээде жаан жаайт: 21-сентябрга аба ырайы

Шаршемби, 21-сентябрдагы аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28

Баткен облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +20…+25

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +21…+26

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз ала булут каптап турат, жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 15…17, күндүзгү жогорку температурасы 28…30.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 10…12, күндүзгү жогорку температурасы 22…24.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу аба ырпйынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий