Кыргызстанда күн жылуу: 16-сентябрга аба ырайы

Кыргызгидромет жума, 16-сентябрдагы аба ырайы тууралуу билдирди.

Түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +25…+30

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +23…+28

Баткен облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 11…13, күндүзгү жогорку температурасы 27…29.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 9…11, күндүзгү жогорку температурасы 21…23.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий