Кыргызстанда күн ачык: 15-сентябрга күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет бейшемби, 15-сентябрдагы аба ырайы тууралуу билдирди.

Күндүз Кыргызстандын бардык аймагында жылуу жана күн ачык болуп, абанын орточо температурасы +28°C болот. Жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аймактар ​​боюнча абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +23…+28

Талас облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +22…+26

Баткен облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+30

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+33

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +22…+27.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 26…28° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 10…12°, күндүзгү жогорку температурасы 21…23° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий