Кыргызстанда, борбордук жана чыгыш аймактарында кар жана жаан жаайт: 22-ноябрга карата аба ырайы

 

Кыргызгидромет шейшемби, 22-ноябрга карата аба ырайы тууралуу билдирди.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектериндеги райондорунда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +6…+11

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11

Баткен облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +8…+13

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…+5

Бишкекте жамгыр жаап жатат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 4…6, күндүзгү жогорку температурасы 9…11.

Чолпон-Ата шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 1…+3, күндүзгү жогорку температурасы 8…+10.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий