Кыргызстанда аба ырайы: 8-июнга карата болжол

Кыргызгидромет эртең, шаршемби, 8-июнь, 2022-жылга карата Кыргызстанда аба ырайынын болжолдоосун билдирди.

Республиканын көпчүлүк аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Нарын облусунун кээ бир райондорунда, калган аймактардын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Түштүк-чыгыштан ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жеткен шамал.

Чүй облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34.

Талас облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32.

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +21…+26.

Нарын облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27.

Ошто түнкүсүн +18…+20, күндүз +33…+35.

Бишкекте түнкүсүн +16…+18, күндүз +32…+34.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайынын маалыматын берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, аба  ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү ӨКМ аркылуу жөнөтөт.

 

Добавить комментарий