Кыргызстанда 5-майда түнкүсүн үшүк жүрөт, күндүз шамал, айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/05/speech-90952-1683260870-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызгидромет билдиргендей, 5-майда, жума күнү күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн айрым жерлерде кар жаашы мүмкүн. Бийик тоолуу автожолдордо кар күрткүсү жана кара тоңголок. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +1…+6, 0…-2 (үшүк), күндүз +15…+20

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, 0…-2 (үшүк), күндүз +15…+20

Баткен облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +1…+6, -2…-4 (үшүк), күндүз +8…+13

Нарын облусунда түнкүсүн +1…+6, -2…-4 (үшүк), күндүз +7…+12

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 1…3, күндүзгү жогорку температурасы 18…20.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -2…-4, күндүзгү жогорку температурасы 11…+13.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий