Шаршемби, 25-январга карата аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Өлкө боюнча түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -1…-6
Талас облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3
Баткен облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -1…+4
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5
Нарын облусунда түнкүсүн -22…-27, күндүз -9…-14
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -8…-10°, күндүзгү жогорку температурасы -1…-3° болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5…-7°, күндүзгү жогорку температурасы 3…+5° жылуу болот.
Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы боюнча маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.