Кыргызгидромет шейшемби, 24-январга карата аба ырайы тууралуу билдирди.
Өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.
Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7
Талас облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12
Баткен облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3
Нарын облусунда түнкүсүн -25…-30, күндүз -11…-16
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -14…-16°, күндүзгү жогорку температурасы -2…-4° болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5…-7°, күндүзгү жогорку температурасы 0…+2° жылуу болот.
Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.