Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Талас, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда жаан, кар жаайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолордо кар жаап, жолдордо кара тоңголок, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Облустар боюнча абанын температурасынын болжолу:
Чүй облусу
түнкүсүн +3…+8
күндүз +12…+17
Талас облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +10…+15
Баткен облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +17…+22
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +5…+10
күндүз +17…+22
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -3…+2
күндүз +8…+13
Нарын облусу
түнкүсүн -2…-7
күндүз +4…+9
Бишкек шаарында күндүз бир аз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы күндүз +15…+17°.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы күндүз +8…+10° жылуу болот.