Дүйшөмбү, 2-январга карата аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй облусунун дыйканчылык зонасында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8
Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5
Баткен облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз +3…+8
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4
Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -4…-6, күндүзгү жогорку температурасы 4…+6.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүзгү жогорку температурасы 2…+4.
Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.