Кыргызгидромет бейшемби, 19-январга карата аба ырайы тууралуу билдирди.
Айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор карга толуп, кара тоңголок. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -3…-8
Талас облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -2…-7
Баткен облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -3…+2
Нарын облусунда түнкүсүн -25…-30, күндүз -11…-16
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Мүмкүн туман. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -14…-16°, күндүзгү жогорку температурасы -5…-7° болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -8…-10°, күндүзгү жогорку температурасы 0…+2° жылуу болот.
Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.