Шаршемби, 18-январга карата аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Жаан-чачынсыз бир күн. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -4…-9
Талас облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -4…-9
Баткен облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -4…+1
Нарын облусунда түнкүсүн -26…-31, күндүз -12…-17.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -15…-17°, күндүзгү жогорку температурасы -4…-6° болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8°, күндүзгү жогорку температурасы -1…+1° жылуу болот.
Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.