Кыргызстанда 17-январда айрым жерлерде туман түшүп, жаан жаайт

Кыргызгидромет шейшемби, 17-январга карата аба ырайы тууралуу билдирди.

Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт, жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -6…-11

Талас облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8

Баткен облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -4…+1

Нарын облусунда түнкүсүн -27…-32, күндүз -12…-17.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -16…-18°, күндүзгү жогорку температурасы -4…-6° болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -9…-11°, күндүзгү жогорку температурасы -1…+1° болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий