Кыргызстанда 14-февралда нымдуу кар жаап, тоолуу райондордо кар көчкү түшүшү мүмкүн


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/02/speech-85938-1676347065-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Кыргызгидрометтин 14-февралдагы маалыматына караганда, шейшемби күнү 17-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда жана айрым жолдордо кар көчкү түшүшү мүмкүн.

Ошондой эле күндүз Ош, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жамгыр, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун өрөөн зонасында, Чүй, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык зонасында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…-6

Талас облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5

Баткен облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +2…+7

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…—5

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -5…-7°, күндүзгү жогорку температурасы 4…+6° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5°, күндүзгү жогорку температурасы 5…+7° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий