Кыргызстанда 13-мартта жаан-чачын күтүлөт: жамгыр, кар, шамал

Кыргызгидрометтин 13-марттагы маалыматына караганда, дүйшөмбү күнү күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Тоолуу жолдордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +9…+14

Талас облусунда түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15

Баткен облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +15…+20

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +15…+20

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз +9…+14

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2.

Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан жаап, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүзгү жогорку температурасы 14…16° жылуу болот.

Чолпон-Атада түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүзгү жогорку температурасы 9…11° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий