Кыргызстанда 12-декабрда абанын температурасы төмөндөп, кар жаайт, шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет.
Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Жолдордо кар жана муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы күндүз -15тен +1ге чейин өзгөрүп турат.
Облустар боюнча абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз -10…-15
Талас облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -10…-15
Баткен облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…-5
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 0…-5
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…-7
Нарын облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…-8
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -11…-13.
Чолпон-Атада мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -2…-4.