Кыргызстан: аба ырайынын чукул өзгөрүшүн эскертүү

Өлкөнүн гидрометеорологиялык борборунун билдирүүсү боюнча, бүгүн Кыргызстанда аба ырайы туруксуз, ал ушул жылдын 26-февралына чейин сакталат.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар жаайт, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, деп маалымдайт Кыргызгидромет.

25-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндүү зоналарында жаан карга айланат. Айрым аймактарда жаан-чачын катуу жаайт, туман түшөт.

Жолдордо кар, муз жана кар күрткүсү жүрөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

25-26-февралда абанын температурасынын төмөндөшү күтүлүүдө:

Чүй өрөөнүндө:

түнкүсүн -13…-18 чейин

күндүз -6…-11 чейин

Талас өрөөнүндө:

түнкүсүн -15…-20 чейин

күндүз -6…-11 чейин

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөн зонасында:

түнкүсүн -6…-11 чейин

күндүз -3…+2 чейин

26-27-февраль күндөрү Ысык-Көл облусунун дыйканчылык зонасында:

түнкүсүн -8…-13 чейин

күндүз -1…-6 чейин

Нарын облусунун дыйканчылык зонасында:

түнкүсүн -20…-25 чейин

күндүз -7…-12 чейин

тоолуу аймактарда:

түнкүсүн -25…-30 чейин

күндүз -8…-13 чейин

Мындай туруксуз аба ырайы жайыттарда малды кароону жана багууну, автоунаалардын, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Добавить комментарий