КРда суткасына 3 жолу жер титирөө болду

ӨКМдин басма сөз кызматы өлкө аймагында акыркы сутка ичинде катталган үч жер титирөө жөнүндө билдирди.

Алынган маалыматтарга караганда, кечээ, 13.07де Казакстан менен чектешкен жерде 5,5 баллдык жер титирөө катталды. Жер титирөө (3-5 балл) Ысык-Көл облусунун Түп жана Жети-Өгүз райондорунда сезилди.

Ош облусунун аймагында күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөөлөр болду: 6-майда саат 17.39да жана 7-майда 1.45те.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Добавить комментарий