Кээ бир жерлерде кар менен жаан: 26-декабрга карата КРда аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 26-декабрда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар, Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Зымдарда жана бак-дарактарда ным кар топтолот. Жолдордо кар күрткүлөрү, тоголонгон кар жана муздар пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн –3…+2, күндүз 0…+5.

Талас облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз -1…+4.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…+4, күндүз +7…+9.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн –4…–9, күндүз 0…+5.

Нарын облусунда түнкүсүн –13…-18, күндүз –1…-6.

Ошто түнкүсүн –1…+1, күндүз 9…+9.

Бишкек шаарында түнкүсүн 0…+2, күндүз +3…+5.

Добавить комментарий