Эртең, 30-июнга карата Кыргызстанда аба ырайы

Синоптиктердин маалыматы боюнча, эртең, бейшемби күнү, 30-июнда өлкөбүздө абанын температурасынын жогорулашы күтүлөт.

Өлкө боюнча түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20, шаарларда 14кө чейин жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн +20…+25, күндүз +33…+38. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Талас облусунда түнкүсүн +17…+22, күндүз +31…+36. Күндүз тоолуу райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

Ошто түнкүсүн +20…+25, күндүз +35…+40. Жаан-чачын болбойт.

Жалалабат, Баткен облустарында түнкүсүн +20…+25, күндүз +36…+40. Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31. Күндүз кээ бир райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.

Ошто түнкүсүн +23…+25, күндүз +38…+40.

Бишкекте түнкүсүн +23…+25, күндүз +36…+38. Кечинде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

Добавить комментарий