Грецияда суу ташкыны болуп, айдоочу аял каза болду

Грецияда нөшөрлөгөн жамгырдан улам сел жүрдү. Өлкөнүн батышында бир аял каза болгону белгиленген.

Македониянын Катерини шаарына жакын жерде унааны суу агызып кеткени, анын унаасынан 1,5 км алыстыкта ​​айдоочу аялдын сөөгү табылганы кабарланууда.

Дем алыш күндөрү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам өлкөнүн батыш аймактарында ири сел жүрүп, инфраструктурага чоң зыян келтирилди. Дарыялар жээктеринен ашып, эгиндерди каптап, жолдорду тосуп калды. Сактоо максатында айрым конуштардын тургундары эвакуацияланды.

Грециянын батыш бөлүктөрү, атап айтканда, Эпир жана Фессалия катуу жаандан жапа чеккен. The Greek Herald басылмасынын маалыматына ылайык, 1 адам каза болгон.

Мурдараак маалымдалгандай, дарыялар жээктеринен ашып, Испаниянын түндүгүндө көптөгөн аймактарды суу каптап, 2 адам каза болгон.

Добавить комментарий