Флорида: Суук аба ырайынын айынан игуаналар дарактан кулап жатышат

Флоридада игуаналардан жамгыр жаап жатат. Окумуштуулар бул көрүнүш үчүн түшүндүрмө табышты.

АКШнын Улуттук аба ырайы кызматы жекшемби күнү Флориданын тургундарына аймактагы адаттан тыш төмөн температурадан улам игуаналар дарактардан кулашы мүмкүн экенин эскертти, деп билдирет The Guardian.

Кызматта белгиленгендей, температура 4-9 градус Цельсийге чейин төмөндөгөндө игуаналар басаңдап же кыймылсыз болуп калышат. Алар дарактан кулашы мүмкүн, бирок жаныбарлар өлбөйт.

Түштүк Флоридада жекшемби күнү эртең менен температура 3,9 градуска чейин төмөндөдү.

Ишембиде АКШнын түндүк-чыгышында кышкы бороон болуп, бир нече штат өзгөчө кырдаал жарыялоого аргасыз болду.

Игуана быйылкы кышта сууктан жапа чеккен биринчи жаныбарлар эмес. Грециянын түндүк-батышындагы лагунада сууктан жүз миңдеген чарбалык балыктар өлдү.

Добавить комментарий