Бишкектеги абанын сапаты: Изилдөөнүн натыйжалары

Экологдор Бишкектин абасынын булгануу деңгээли жөнүндө жаңы маалыматтар менен бөлүштү.

Изилдөө «МувГрин» курчап турган чөйрөнү коргоо кыймылы тарабынан шаардагы орнотулган атайын датчиктерден алынган, алар абадагы PM2.5 майда бөлүкчөлөрүнүн курамын өлчөйт. Ченөөнүн натыйжаларын реалдуу убакыт режиминде байкоого болот.

Булгануу деңгээлин эсептөө үчүн орточо суткалык маанилер алынат.

Бейшеналиева/Токтогул көчөлөрүнүн аймагында 13-ноябрда саат 19.30га карата алынган маалыматтар. Булгануу деңгээли 1,54 эседен ашты: орточо суткалык PM2.5 – 54 мкг/м³, өлчөө учурунда – 99 мкг/м³;

Москва/Үмөталиев көчөлөрүнүн аймагында. Булгануу деңгээли 1,45 эседен ашты: орточо суткалык PM2.5 – 51 мкг/м³, өлчөө учурунда – 65 мкг/м³;

“Восток-5” кичи районунда. Булгануу деңгээлинен ашкан жок: орточо суткалык PM2.5 – 9 мкг/м³, өлчөө учурунда – 29 мкг/м³.

АКШнын Кыргызстандагы элчилиги да датчик орнотту. Анда абанын сапатынын индекси онлайн режиминде көрсөтүлөт. Маалымат саат сайын жаңыланып турат.

Саат 19.00дө, дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында абанын сапатынын индекси 153 (AQI) түздү, өлчөө учурунда PM2.5 концентрациясы 57 мкг/м³ түздү.

Дүйнөнүн эң ири шаарларынын Дүйнөлүк аба сапатынын рейтингинде 19.30да Бишкек 12-орунга көтөрүлдү.

Добавить комментарий