Бишкекте аба ырайы болжолу: 15-июль

Гидрометборбордун болжолдоосуна ылайык, ишембиге караган түнү борбор калаада 18-20 градус ысык болот.

Жума күнү, 15-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөй турганын Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Күндүз +33…+35 градус жылуу болсо, ишембиде түнкүсүн термометрлер 18…20 градусту көрсөтөт.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт. Мындай билдирүүлөргө көңүл буруңуз, айрыкча борбордон кетүүнү пландап жатсаңыз.

Добавить комментарий