Бишкек: жакынкы 7 күнгө аба ырайы божомолу

Кыргызгидромет 2022-жылдын 7-апрелинен 13-апрелине чейин Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

7-8-апрелде жана 9-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

9-апрелде күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.

10-11-апрелде жана 12-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт.

12-апрелде күндүз жаан жаашы мүмкүн.

13-апрелде жаан жаайт.

Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-апрелде күндүз жана 9-апрелде 14 чейин жетет.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайынын маалыматын берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү ӨКМ аркылуу жөнөтөт. Мындай билдирүүлөргө көңүл буруңуз, айрыкча борбордон кетүүнү пландап жатсаңыз.

Добавить комментарий