Бишкек: 2022-жылдын 30-июнуна карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин синоптиктеринин маалыматы боюнча, бүгүн борбор калаада жаан-чачын күтүлөт.

Жума күнү түнкүсүн абанын температурасы 21…23 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында бүгүн түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн экенин Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы күндүз +36…+38 градуска чейин жетип, жума күнү түнкүсүн 21…23 градус жылуу болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14кө чейин жетет.

Эгер сиз жакынкы аралыкта шаардан чыгууну пландап жатсаңыз, анда Кыргызстандын аба ырайы тууралуу маалымат керек болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий