Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 16-июлда республикада күн ысып, айрым жерлерде жаан жаайт.
Түштүк-батыштан ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жеткен шамал.
Чүй облусунда +32…+37, тоолуу райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.
Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт, +30…+35.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт, +33…+38.
Ысык-Көл облусунда +24…+29, тоолуу райондордо кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.
Нарын облусунда +25…+30, кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт.
Ошто жаан-чачын күтүлбөйт +36…+38.
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. +35…+37.