+34 чейин: 1-майга карата КРда аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, бүгүн, 1-майда республикада абанын температурасы +34 градуска чейин көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кыргызстандын бардык облустарынын кээ бир райондорунда кыска мөөнөттүү жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +27…+32.

Талас облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +26…+31.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23.

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +18…+23.

Ошто түнкүсүн +15…+17, күндүз +31…+33.

Бишкекте түнкүсүн +12…+14, күндүз +30…+32.

Добавить комментарий