3-февралда Кыргызстандын айрым жерлеринде кар жаайт


    Warning: file_get_contents(/home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/uploads/2023/02/speech-85331-1675394372-1.mp3): failed to open stream: No such file or directory in /home/oqunews/kg.manas.news/www/wp-content/themes/manas-theme/single.php on line 21
  • Прослушать

Жума, 3-февралда Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолуу райондорунда кар, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө кар жаайт, Чүй, Ош облустарынын дыйканчылык зонасында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Аба температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11

Талас облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +5…+10

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +6…+11

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5

Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 8…+10° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 6…+8° жылуу болот.

Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.

Добавить комментарий