Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Күндүз термометрлер 19…21 градус жылуу болуп, шейшембиде түнкүсүн +10…+12 градуска чейин жылыйт.
Синоптиктердин маалыматы боюнча, аба бассейнинин үстүнкү катмарында зыяндуу аралашмалардын таралышына жол бербөөчү чектелген жагымсыз метеорологиялык шарттардан улам абанын булганышынын деңгээли максималдуу жол берилген нормадан 1-3 эсеге ашат.
Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча эртеңки күнгө аба ырайынын маалыматын берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, аба ырайынын чукул өзгөрүшү тууралуу эскертүүлөрдү ӨКМ аркылуу жөнөтөт.