Жума, 20-январга карата аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Күндүз туман түшүшү мүмкүн. Жаан-чачын болбойт. Жолдордо кар бар. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -2…-7
Талас облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -2…-7
Баткен облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -7…-12, күндүз 0…+5
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…+4
Нарын облусунда түнкүсүн -25…-30, күндүз -11…-16
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн туман түшүшү мүмкүн. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -13…-15°, күндүзгү жогорку температурасы -2…-4° болот.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8°, күндүзгү жогорку температурасы 2…+4° жылуу болот.
Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.