Дүйшөмбү, 16-январга карата аба ырайы тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Ош облустарында туман түшөт. Жолдор карга толуп, муз тоңгон. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр.
Аба температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн -16…-21, күндүз -3…-8
Талас облусунда түнкүсүн -18…-23, күндүз -6…-11
Баткен облусунда түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз 0…-5
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5
Нарын облусунда түнкүсүн -25…-30, күндүз -10…-15.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 1-6 метр. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -16…-18, күндүзгү жогорку температурасы -3…-5.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүзгү жогорку температурасы -1…-3.
Кыргызгидромет Бишкек жана республика боюнча аба ырайы тууралуу маалымат берип, бир жумага жана айга болжолдоолорду жасап, ӨКМ аркылуу катуу шамал тууралуу эскертүүлөрдү жөнөтөт.