Кыргызгидромет билдиргендей, 15-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. .Ошол эле учурда Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүн биринчи жарымында Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдордо муз. Шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарында айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Облустар боюнча абанын температурасынын болжолу:
Чүй облусу
түнкүсүн -5…-10
күндүз +1…+6
Талас облусу
түнкүсүн -9…-14
күндүз -1…+4
Баткен облусу
түнкүсүн 0…-5
күндүз +8…+13
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн 0…-5
күндүз +9…+14
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -6…-11
күндүз -2…+3
Нарын облусу
түнкүсүн -9…-14
күндүз 0…-5
Бишкек шаарында түнкүсүн бир аз кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8°, күндүзгү жогорку температурасы 3…+5° жылуу болот.
Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8°, күндүзгү жогорку температурасы 1…+3° жылуу болот.